Баткенде тажиктер менен бирге ири көлөмдөгү контрабанда жүгүн жүктөп жаткандар кармалды

472

Баткен районунун аймагында кыргыз жараны коңшулаш Тажик Республикасынын жарандарына мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча милицияга ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалымат Баткен ОИИБнын КЖБРне Жоруктар Кодексинин “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

3-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын Как-Сай участкасында атайын мыйзамсыз жүктөрдү алмаштыруу максатында тосмо менен тосулган базада, ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну мыйзамсыз жол менен алып өткөн кургак мөмө-жемиштерди сатуу максатында тажикстандык 2 жаран менен 4 оор жүк ташуучу унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалышкан.

Тажикстандын 2 жараны мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келгендиги аныкталып, алардын ден соолуктарын байкоо үчүн обсервацияга жаткырылган. Анализдери таза чыккан соң, убактылуу Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы 1 айлык мөөнөт тандалып алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ошондой эле 5-май күнү Кадамжай РИИБнин кызматкерлери санитардык-карантиндик посттон Кадамжай шаарынан өткөн «Ош-Исфана» автожолунда «Баткен-Ош» багытын көздөй бара жаткан «DAF» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 3 унааны жана «VOLVO» үлгүсүндөгү 2 унааны токтотуп, айдоочуларын короновирус илдети боюнча текшерген учурда, автоунааларынын жүк салуучу бөлүгүндө кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандыгын аныкташкан.

Тиешелүү материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь