Бишкектеги гуманитардык жардам 50 миллион сомдон ашты

225

“Пайда болгон кризис шаардыктардын экономикалык абалына таасирин тийгизди. Аларда туруктуу кирешеси жок болгондуктан акча каражаттарынын камы түгөндү. Ошондой эле борбор калаанын калктуу конуштарында жашаган аярлуу калктын туруктуу эмгек акысы же тийиштүү камы жоктугуна байланыштуу азык-түлүк сатып алуу мүмкүндүктөрү жетпей жатат”, – деп билдирди Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев.

Анын айтымында, булардын бардыгын эске алып, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жана ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

90 миңден ашык адамга жалпы суммасы 50 млн сомго жакын гуманитардык жардам таркатылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь