Географияны мыкты билген Кайрат аттуу селсаяк интернет жылдызына айланган. Бүгүн, 7-апрелде дагы анын кайрылуу видеосу Instagram социалдык тармакта тараган.
Ал борбор калаанын комендатурасы менен Бишкек мэриясы убадалаган жардамын азырынча көрсөтө элегин айтты.
“Канттан борборго өзүм келдим. Бишкек мэриясы мени күтүп туруумду суранды. Кечке күттүм. Акыры тажап кетип калдым. Ошол бойдон жардам көрсөтүшкөн жок”, – деди Кайрат мырза.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев селсаякка документтерин алууга жардам берээрин убадалаган.
Бул маселе боюнча Элдик медиа порталы Бишкек комендатурасына кайрылды. Алар тиешелүү мекемелер иштеп баштаганда Кайратка документ алууга сөзсүз жардам беришерин убадалашты.
2government
help with coursework https://brainycoursework.com/
coursework moderation https://courseworkninja.com/
coursework sample of written work https://writingacoursework.com/