11-майдан тартып ишке киришүүчү муниципалдык коомдук транспортто жүрүү учурунда коопсуздук чараларын көрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын жобо иштеп чыгып, таратты.
Маалыматка ылайык, автобус, троллейбустардын айдоочулары салонго унаадагы отургучтардын эсебинен 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттам аяктаган сайын салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек.
Жүргүнчүлөргө айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүү милдеттендирилген.
Ал эми жүргүнчүлөргө коомдук транспортко беткапсыз түшүүгө тыюу салынат. Жол кире «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөнөт. Жүргүнчүлөр бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү.