Кыргызстандын Непалдагы ардактуу консулу кайрадан кармалды. Элчинин жообу

324

Кыргызстандын Непалдага ардактуу консулу Сулав Агравал апрель жана май айларында эки жолу кармалды. Ал термометрлерди базар баасынан кымбат сатууга жана жабдууларды мыйзамсыз ташууга айыпталууда.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев “Кактус медиага” төмөндөгүдөй комментарий берген.

“Сулав Агравал бул кызматты өткөн жылдан бери аркалап келет. Бул ишмердүүлүккө өз өлкөсүнүн бийлигинен уруксат алган. Иш жүзүндө анын ардактуу консул катары иши токтотулган. Биз бул тууралуу Непалга кайрылып, ардактуу консулдук патентин кайтарып алуусун билдирели деп жатабыз”

Мындан тышкары, ал унаадагы дипломатиялык номерден жана унаа үчүн Кыргыз Республикасынын желегинен ажыратылганын белгиледи. Сулав Агравал учурда күрөө коюп чыгып, камакка алынган жок.

Асеин Исаев консул эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жардам бергенин кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь