Окурман: Келечек бизди кечирээр бекен? Арстанбап токоюнун абалы кейиштүү (Видео+Фото)

266

Жаратылыш табияты, алма, жангак бактары менен Дүйнөгө таанымал Арстанбап-Ата токоюнун бүгүнкү абалы кейиштүү деп окурман Элдик медиа порталына видео жана сүрөт жөнөткөн.

“Көз көрүп турган табият биздин доорго аманат эмес беле? Бул көрүнүшкө ким жооп берет? Токойдо алмаларды кажып жүргөн ээн-эркин жылкылардын туягы качан тыйылат?”, – деп суроо салган окурман.

Ал Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин директоруна кайрылды.

“Арстанбапка бир келип кетиңиз. Эл менен токой чарбанын ортосундагы мыйзамдуу келишимдерге өзгөртүү киргизип, жылаңачтанган токойду ушундай көрүнүшкө алып келгендерге жоопкерчиликти карап беришиңизди күтөбүз”, – деди автор.

Келечек бизди кечирээр бекен? Ар бир кыйылган жангак, арча, ак кайындарга тиешелүүлөр жооп беришин талап кылам деп кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь