Ооз ачар маалында суусундук үчүн бир туугандарын өлтүрүп салды

1 468

Пакистандын жашоочусу сусундукка көбүрөөк шекер салып койгон карындашын жана инисин өлтүрүп салды. Бул тууралуу lenta.ru басылмасы Samaa жергиликтүү телеканалына шилтеме берип жазды.

Пешавар шаарынын тургундары ооз ачарга шербет улуттук суусундугун даярдашкан. Бирок суусундуктун даамы үй-бүлө мүчөсүнүн бири Мухаммед Ишакка жакпай калат. Суусундукту өтө таттуу кылып жасагандыгы үчүн ал карындашы Мисмат менен иниси Хуссейнди айыптаган.

Алардын ортосундагы чыр ок атуу менен аяктады. Ишак бир туугандарына ок чыгарып аларды жарадар кылган соң, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми Мисмат менен Хуссейн алган жаратынан улам ооруканадан жан беришкен.

Шектүүнүн атасы полиция менен маектешүү учурунда бул окуяны кокустук деп атады. “Бул Аллахтын каалоосу болду”,- деген ата шектелип жаткан уулунун эки кичинекей баласы бар экенин айткан.

Учурда полиция Ишакка издөө жарыялады.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь