Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан чыккан Кыргызстандын жарандары бүгүн, 7-майда эртең менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Казакстандын аймагынан полициянын коштоосунда биздин 541 жаран кайтып келди. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Казакстандын транзиттик жолу менен кайтып келгендер бүгүн эртең менен 7-майда Кыргызстандын чек арасына өтүштү. Айдоочуларга атайын автобус уюштурулган. Казакстанда дагы деле өзгөчө кырдаал учуру. Андыктан бул алып келүү Россия менен Казакстандын чек арасында туруп алсак эле бизди алып кетет экен дегенге импулсь болбошу керек. Баарыңыздарга сабырдуулук каалайбыз”, – деп жазылат маалыматта.
Автобус менен келген жүргүнчүлөр көзөмөлгө алынып, обсервацияга жайгаштырылат.
Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында өзгөчө абал режими бүтө электигин жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганын эскертет.