“Бишкекте бүгүнкү күнгө карата 3 836 чарбалык субъект өзүнүн ишмердүүлүгүн улантууда, алдын ала маалыматтарга ылайык мында 83 миӊ 280 адам иштейт”, – деп билдирди Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев.
Анын айтымында, ӨА режими киргизилгенден бери 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтотуп, алдын ала маалыматтар боюнча 154 миӊ 784 адам убактылуу жумушсуз калган.