Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн аймактарды жеринен​ көрүүдө

242

Бүгүн,​ 7-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жалал-Абад облусунун​ Кара-Көл шаарынан баштады.

Министр Кара-Көл шаарын аралап агып өткөн Кара-Суу суусу жыл сайын жаз, жай мезгилдериндеги жаандын жаашынан, каарлардын ээришинен суу ташкындап, шаардын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы 400дөн ашык калктуу конушка кооптуулук жаратып келген тилкени жеринен көрүп чыкты.

Аталган участок кооптуулукту алдын алуу максатында Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя-1 жана Ак-Кыя-2 участокторундагы Кара-Суу дарыясынын 3 чакырым​ аралыктагы сол жээгин бекемдөө иштеринин долбоору КР ӨКМ тарабынан даярдалып,​ “Авариялык калыбына келтирүү” иш-чарасына киргизилип, 950 метр аралыгында жээк бекемдөө иштери атайын эсептен каржыланып, курулган. Ал эми калган 2050 метр аралыгында жээк бекемдөө иштери, каражат маселеси чечиле электигине байланыштуу, курулуш иштери баштала элек.

Министрдин иш сапары​ Аксы районунда уланып, 3-майда​ жаан-чачындан​ улам сел жүрүп, андан жабыркаган аймактарды жеринен​ көрүүдө.​ ​

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь