Эртең, 8-майда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 27…29 градус болот.