Бүгүн, 8-майда Армениянын улуттук чогулушунда депутаттар мушташа кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя “Жарык Армения” оппозициялык фракциясынын башчысы Эдмон Марукяндын сөзү учурунда болгон. Саясатчы өз сөзүндө депутаттарды оппоненттерди шылдыңдабоого чакырган. Андан кийин, ал менен «Менин кадамым» партиясынын мүчөсү Сасун Микаялян ортосунда кайым айтышуу болуп, депутаттар атырыла орундарынан туруп мушташа кетишкен.
Акыркы мезгилдерде армян саясатчыларынын мындай жоруктары көп болууда.
Эске салсак, 29-апрелде Улуттук Ассамблеянын Вице-спикери Ален Симонян “Адеквад” партиясынын башчысы Артур Даниелян менен кармаша кетишкен.