Баткенде ок тийген үч аскер жана бир жай тургун ооруканага түштү

1 364

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында 8-майда болгон окуядан төрт кыргызстандык жарадар болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Файзидин Абдрахманов билдирген:

«Үчөө аскер кызматкери. Аларга ок тийген. Бирөө жай тургун, ага таш тийген».

Дагырерлер алардын абалын орточо оор деп мүнөздөп жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта жергиликтүү жашоочулардын ортосунда Баткен районунун Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талашуу менен чыр чыкты. Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, бирок аны кыргыз тарап пайдаланып келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда эки тараптан тең 30-40 киши бири-бирине таш ыргытып, кыргызстандык бир жаран башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, тынчый түшкөн маалда түшүндүрүү иштери жүргөн.

Маалыматта «бирок, ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёт атты» деп айтылат. Ошондой эле маалыматта «азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор» деп мүнөздөлөт.

Тажик тарап окуяга “Тажикстанга тиешелүү төрт гектар жерди Кыргызстандын жарандары өз алдынча ээлеп алганы” себеп болду деп билдирди.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь