Бүгүн 8-майда Бишкек шаарындагы Панфилов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 10:23тө Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм жана штаб тартылган.
Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, кырсыктан жабыркагандар болбогону маалымдалды. Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоо 250 чарчы метр аянтты жалмаган.
.