Жайыл районунда гуманитардык жардамдын таратылышы боюнча бийлик үн катты (видео)

346

“Элдик медиа” порталына ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 60дай ата-энеси жардам ала албай жатканын айтып кайрылышкан. Бул маселени эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өз көзөмөлүнө алганын айтып, жардам жетпей жаткан фактылар боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кат жибергенин билдирди.

Баары такталат…

Баары такталат…

Опубликовано Улукбек Кочкоров Четверг, 7 мая 2020 г.

Ал эми аталган райондун ыкчам штабынын басма сөз катчысы Акылбек Муктар “Элдик медиага” билдиргендей, Жайыл районунда гуманитардык жардам муктаж болгондорго таратылууда, мэрияга келип түшкөн арыздын дээрлик бардыгы кароосуз калган жок.

Жайыл районунда гуманитардык колдоого муктаж болгон жарандардын атайы тизмеси түзүлүп, жер жерлердеги комиссиялардын чечими менен гана таратылууда.
СOVID-19 таажы вирустук инфекциясынын таралышын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү маалында муктаж болгон 41 мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине гуманитардык жардам көрсөтүлдү, 1 адам көрсөтүлгөн даректе жашабаганы аныкталган. Бул тизме бүгүнкү күндө Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук ыкчам штабдын көзөмөлүндө турат. Мындан тышкары,  Сосновка айыл өкмөтү боюнча 7-майда берилген тизмедеги 14 адамдын ичинен 7 адам гуманитардык жардам алган, ал эми 7 адамдын жашоо шарты жакшы болгондуктан, комиссия өзүнчө чечим чыгарган. Кара-Балта шаарынын муктаж болгон адамдары тууралуу берилген тизмеде көбү жардам алган, ал эми калгандары боюнча комиссия иш алып барууда”,- деп айтылат маалыматта.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь