Жардам сурап кайрылган жалгыз бой келинге бир нече эркек жардам акысына аны менен жыныстык катнашка барууну сунушташкан. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин коомдук кеңешчиси Эрнест Бөрүбаев билдирди.
Бөрүбаевдин Инстаграм баракчасына үч баланын энеси жардамга муктаж экенин айтып комментарий калтырган. Талма оорусу менен жабыркаган баласынын дарысына акча жок болуп жатканын айтып, телефон номерин жазган.
“Комментарий жазганымдан эки күндөн кийин бирөө чалган. Ал “жардам сурап кайрылыптырсың, макул болсоң дарынын акчасын берем, төшөккө кандайсың” деди. Мындай чалуу 5 түрдүү адамдан 5 жолу келди, бары тең төшөккө барууну сунушташты”,- дейт үч баланын энеси.
Эрнест Бөрүбаев ыйык Орозо айында жаман көрүнүштөр болуп жатканына кейип, “Кудайдын улуу күнүндө Кудайдан корколу” деп кайрылды.
Бирөөлөр соопчулук кылып жүрүшөтБирөөлөр мекеним деп жүрүшөт.А кеебирөлөр акмактык кылып жүрүшөт.
Опубликовано Тамадой Эрнест Борубаевым Четверг, 7 мая 2020 г.