Замирбек Аскаров Лейлекте сел кирген турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту (сүрөт)

252

Бүгүн, 8-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш-сапарынын алкагында Бтакен облусун кыдырууда.

Алгач, министр Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылда 2-май күнү катталган сел кирген турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Аталган аймакка ӨКМ тарабынан 100 габион торчо жана атайын техника берүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

Андан соң, Исфана шаарынын сел кирген турак үйлөрдү жеринде көрүп, Пост ГАИ учаскасындагы сай жээгин механикалык тазалоо маселесин карады. Чимген айылындагы Шорбулак сайындагы сел алып кеткен тосмону калыбына келтирүү маселесин жеринен талкууланды. Беш-Бала айылындагы Исфана-Сай сайынан жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу жана механикалык тазалоо тууралуу буйрук берди.  

Мындан тышкары, Самат айылындагы Исфана-Сай сайынын оң жээгиндеги селдин кесепетинен жуулуп кеткен сел тосмонун бүгүнкү абалы менен таанышты.

Эскерте кетсек, Самат айылындагы Исфана-Сай өзөнүнүн оң жээгиндеги узундугу 150 метр коргоочу тосмонун 60 метр жерин сел суулар жууп кеткен. Сел тосмо 78,5 м3/сек ылайыкталган,​ 2-май күнү секундасына болжол менен 140-150 куб сел суу кирип, 60 метр жерин ​ жууп кетти. Аталган сел тосмо 24 турак үйлөрдү сел басып калуу коркунучунан сактап калды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь