Исландияда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын 97%ы айыгып чыкканын «РИА Новости» басылмасы өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазды.
«Өлкөдө COVID-19 вирусуна карата анализ тапшырган 1799 кишинин ичинен 1750 адам илдетке чалдыккан эмес. Тилекке каршы, оору он адамдын өмүрүн алып кетти», – деп айтылат билдирүүдө.
4-майда Исландиянын бийлиги 16-мартта киргизилген чектөөлөр алына баштаганын маалымдаган болчу.