Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2020-жылдын 8-майында Армения Республикасынын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян менен телефон аркылуу сүйлөштү өткөрдү.
Тараптар коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар жана инфекциянын терс социалдык-экономикалык кесепеттери боюнча маселелерди талкуулады.
Министрлер эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерине көңүл бурушту, жакынкы аралыкта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтердин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.
Эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде ЕАЭБ жана ЖККУ багыттары боюнча да пикир алмашуулар болду.