КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков 2020-жылдын 7-майында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто менен учурдагы күн тартибин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде пландалган эки тараптуу иш-чараларды талкуулоо максатында видеоконференция өткөрдү.
Маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле КР Президенти С.Жээнбековдун 2020-жылы Венгрияга расмий сапарын уюштуруунун алкагында кызматташтыктын мындан аркы өнүгүү жолдорун талкуулашты.
Тараптар эки жактын кароосунда турган келишимдик документтерге, ошондой эле кыргыз-венгр фондун түзүү маселесине жана КР экономикасына COVID-19 вирусунун кесепеттерин жеңилдетүү үчүн КРнын чакан жана орто бизнесин колдоо максатында венгриянын жеңилдетилген кредиттерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
ВСП+ статусунун алкагында кыргыз продукциясын ЕБнын базарларына өткөрүү боюнча кыргыз тарабынын Венгрия менен кызматташтыкты жигерлетүүгө кызыкдарлыгы билдирилди.
Тараптар Венгриянын соода-инвестициялык дарамети жана мамлекеттик сатып алуу системасы менен таанышуу жана келечекте ага катышуу үчүн КРнын бизнес-делегациясынын Венгрияга сапарын уюштурууну иштеп баштоону макулдашышты.
Кыргыз студенттеринин Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуусу үчүн квоталык орунду 150 гө чейин көтөрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.
Министр Ч.Айдарбеков венгр тарабынын жакынкы күндөрдө Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин дайындоо жөнүндөгү чечимин кубаттады. Ушуга байланыштуу П.Сийярто тийешелүү агреманды кароо маселесин тездетүүнү өтүндү.
Эске салсак, буга чейин, ушул жылдын 15-апрелинде КР менен Венгриянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Бүгүнкү видеоконференция тараптарга өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга өз ара ниет жана даярдык бар экенин тастыктоого мүмкүнчүлүк берди.