Москвада карантин 31-майга чейин узартылды

385

Орусиянын борбору Москва шаарында карантиндин мөөнөтү май айынын аягына чейин узартылды. Шаар мэри Сергей Собянин коронавирус инфекциясы күн санап күчөп жаткандыгына байланыштуу карантинди 31-майга чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкта 12-майдан баштап москвалыктардан автоунааларда, анын ичинде таксилерде жана дүкөндөрдө бет кап жана кол кап кийүү талап кылынат. Собянин кол койгон дагы бир документке ылайык, жумушчу өткөрмө кагаздар автоматтык түрдө 31-майга чейин узартылат. Медициналык мекемелердин кызматкерлери менен ыктыярчылар күн сайын алышат.

Мэр ресторандар, театрлар, спорттук мекемелерди ачуу азырынча эрте экенин белгилеген.

Россияда бешинчи күн катары менен коронавирус менен 10 миңден ашык адам катталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь