Окумуштуу коронавирус чач аркылуу дагы жугарын билдирди

260

Медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альтштейн коронавирус чач аркылуу жугарын айтты. Бул тууралуу Lenta.ru басылмасы жазат.

Окумуштуунун айтымында, адамдар ушундай жол менен жуктуруп алуу коркунучуна көп маани бере беришпейт. Бул учурда, вирус үч күнгө чейин чачта кала берет. Мындан улам оорунун алдын алуу максатында баш кийим кийип жүрүү керектигин кеңеш берди.

Буга чейин кытайлык окумуштуулар коронавирус жыныстык катнаш аркылуу жугарын аныкташкан. Алар эркек жынысындагы бейтаптарга изилдөө жүргүзгөндө, текшерилген 38 бейтаптын алтоосунун бел суусунан SARS-CoV-2 белгилери табылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь