Орусиялык миллиардер өзүн өзү атып салды

323

Орусиядагы 100 байдын бири деп эсептелген Дмитрий Босов өз өмүрүнө кол салганы кабарланууда. Ишкер шаршембиге караган түнү каза болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 6-майга караган түнү болгон. Москванын жанындагы Усово айылында башына ок тийген адамдын сөөгү табылганын, жанында тапанчасы болгон.

52 жаштагы Дмитрий Босов көмүр, газ жана кыймылсыз мүлк менен иш алып барган АЛЛТЕК тобунун ири акционери жана директорлор кеңешинин башчысы болчу.

«Forbes» журналы анын байлыгы 1,1 миллиард доллар экенин, эң бай орустардын 86-сабында турарын эсептеп чыккан.

Ал 52 жашта болчу.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь