“РСК Банктын” эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган

317

“РСК Банк” ачык акционердик коомунун 2 кызматкеринен коронавирус чыкканын 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында бир кызматкер Бишкек шаарынан, экинчиси Чаткалдан катталган.

Бишкек шаарындагы банк кызматкери айыгып, ооруканадан чыгып кетти. Ал эми экинчиси Чаткал районундагы банктын филиалында иштеген кызматкерден оору табылды. Ал бүгүнкү күндө ооруканада. Бул жаран дагы Чаткалда чыккан оорунун очогунан жуктуруп алган“,- деди министрдин орун басары.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь