«РСК Банк» эки кызматкердин оору жуктурганы боюнча түшүндүрмө берди

242

Бишкек шаарындагы бир кызматкер дарыланып бүтүп, азыр үйүндө. Ал ӨА жана ӨК тартиби жарыяланган учурда үйүндө аралыктан иштеп жаткан. Чаткал районундагы филиалдагы экинчи кызматкер азыркы учурда Каныш-Кыя айылындагы ооруканада дарыланып жатат. Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес. Бүгүнкү күнү РСК Банктын башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок”, – деп билдирди “РСК Банк”ачык акционердик коомунан.

Банк штаттык тартипте иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Кызматкерлер бардык зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылыган. Бардык кеңселерде бөлмөлөрдү санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь