Тажикстанда коронавирус илдетине кабылгандардын саны 461ге, ал эми андан каза болгондор 12ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде дагы 81 адам жуктуруп алган. Ал эми 4 миң 205 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, анын ичинен 345 адам толук диагностикалык текшерүүдөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.