Чек арадагы ок атышууда кыргыз тараптан үч адам жабыркады (ВИДЕО)

452

Чек арадагы ок атышуудан кыргыз тараптан үч адам жабыркаганын “Элдик медиага” окурман билдирди.

Бүгүн, 8-май күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, учурда абал оор деп мүнөздөлүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тактала элек болгон, бирок аны иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген.

Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда мергенчилик мылтыгынан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган.

Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган. Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал оор катары бааланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь