Чек ара: Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукмай болду

232

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча акыркы эки сааттын ичинде телефон аркылуу үч ирет сүйлөшүп, жакынкы убактарда жолугушууга макулдашышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Учурда Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында сүйлөшүү башталууда. Сүйлөшүүгө эки тараптан чек ара, ички иштер жана улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын облустагы жетекчилери да катышууда.

Азыркы сааттардагы маалыматка ылайык, чыр чатактан Кыргызстандын үч чек арачысы бир жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь