Чүй ОИИББ Атамбаевдин уулдары милицияга ысык тамак бергенин четке какты

537

Алмазбек Атамбаевдин уулдары Аламүдүн районунун аймагындагы карантиндик-постто турган милициянын 200 кызматкерине ысык тамак жана суусундук бергени чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББнен билдиришти.

Облустук милициядан билдиргендей, “Чүй облусунун ички иштер органынын кызматкерлери жеке коргонуучу бардык каражаттар жана тамак-аш менен камсыздалган” деп ишендирет.

Ал эми Атамбаевдин уулдары ысык тамакты Аламүдүн районунун аймагындагы жергиликтүү ыктыярдуу топторго жана элдик кошуундарга берген.

Белгилей кетсек, мурдагы президенттин тарапташтары Бишкектин четиндеги блокпостто турган 200 милиция кызматкерин, ошондой эле Кой-Таш, Арашан, Чоң-Таш, Воронцовка, Үч-Эмчек, Горная Маевка, Алмалуу, Норус, Тогуз-Булак, Беш-Күнгөй, Көк-Жар, Байтик айылдарындагы постто турган ыктыярчыларды ысык тамак менен камсыздаганын билдиришкен. Мындан тышкары укук коргоо органдарына 1500 даана жеке коргонуучу каражат тапшырышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь