Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө СИЗО-1де бир гана кызматкер коронавирус жуктурган учур бар. Кызматкерден тиешелүү анализдердин баары алынган жана ал медиктердин көзөмөлүндө. Азыркы учурда СИЗОдо бул учур боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат”, – деди Нурболот Үсөнбаев.
Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жабык жайларда коронавирус илдетине чалдыккан адам жок экенин билдирген.