Ала-Букада эки ардагерге автоунаа тапшырышты (сүрөт)

354
Бүгүн Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат чакан топтун катышуусунда белгиленип өттү. Иш чара “Белгисиз жоокердин” эстелигине гүл коюу менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары: Айры-Там айылынын тургуну 94 жаштагы Н.Нармырзаев менен Баймак айылынын тургуну 94 жаштагы Х.Аскаровго райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын демилгеси менен уюштурулган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылып, куттуктоолор жолдонду.
Аталган иш чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн орун басары Ы.Ызабеков, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыровдор катышты. Ошондой эле согушта курман болгон жоокерлерге арналып куран окулду. Ардагерлер менен катар эле орукта эмгектенген энелерге да сый белектер тапшырылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь