Нарын облусунун Ат-Башы районунда үч күндөн бери митинг өтүүдө. Жергиликтүү тургундар Өзгөчө абал маалындагы карантиндин катуу талаптарына каршы чыгышууда.
Мындан тышкары кечээ, 8-майда коменданттык саат убагында эл нааразычылыгын билдирип чогулушкан. Белгилүү болгондой Ача-Кайыңды айыл аймагында жашаган тургунду ооруканага алып кетебиз деп чалышкан. Айыл жашоочулары алдын ала түшүндүрбөстөн эмнеге алып кетет деп каршылык көрсөтүшкөн. Окуя болгон жерге милициянын начальниги барып эл менен жолукканы айтылат.
Нарын облустук милициясынан “Элдик медиага” билдиргендей, баласы бар жаш келинден коронавирус аныкталган. Бүгүн 9-майда ал ооруканага жаткырылганын тактады.
Ошондой эле бүгүн Ача-Кайыңды айыл аймагында 50-60дан ашуун айыл тургуну менен жолугушуу өттү.
“Айылдыктардын талабы блокпостторду алып, жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүү болуп саналат. Ал жакка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып,түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”,- дейт Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан.