Баткен: Ок тийген аскерлерге операция жасалды, биринин абалы өтө оор

8 059

8-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда Баткен облустук бириктирилген ооруканага жаракат алган 4 адам алынып келген (3 аскер кызматкери жана 1 жаран). Алардын ичинен үчөө ооруканага жаткырылды. Жаракат алгандардын бири медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ооруканада жаткандар:

– М.С. уулу, 26 жашта: кыр арка сөөгүнүн көкүрөк тушуна ок тийген. Ичине, жамбаш сөөк бөлүгүнө ок тийген. Ага операция жасалып, анын абалы өтө оор деп бааланууда;

– М.А. уулу, 25 жашта: көкүрөк тушуна ок тийген. Операция жасалып, абалы орточо оор, туруктуу.

– Ч.Т. уулу, 24 жашта: ок көкүрөк тушуна тийип, чыгып кеткен. Жаратына хирургиялык тазалоо жасалган. Анын абалы орточо оор, туруктуу.

Бардык жаракат алгандар медициналык көзөмөлдө болууда. Дары-дармектер, медициналык буюм-каражаттар, кандын компоненттери жетиштүү. Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан Баткен облустук бириктирилген ооруканасына нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлер тобу келди.

Комментарии

  1. УШУЛ БАТКЕН ЧЕК АРАСЫНДА АТА МЕКЕН ҮЧҮН КАНЧА ЖИГИТ ЖАРАКАТ АЛЫП КАЗА БОЛДУ. КӨП ЭТИБАРГА ДА АЛЫНБАЙТ. КОЙ ТАШТА ӨЛГӨН ОФИЦЕРДИ АЯБАЙ УЛАМ УЛАМ АЙТЫП ГЕРОЙ КЫЛЫШТЫ ЭЛЕ АТА МЕКЕН ҮЧҮН ӨЛГӨНСУП

  2. Эмнени карап олтурушат бийликтегилер. Элди ,жерди коргой билбесенер эмне элди, жерди тоногону бийликке келдинерби ?

  3. АКШнын элчиси жакын ортодо барган эмес бекен Баткен тарапка? Ошол мамлекеттин элчилигинен бироо жарым барып келгенден кийин эле ушундай окуялар боло берчу.

  4. Кучугум кучугум деген сайын чочогун корсото берет тажиктер, оздоруно жараша мамиле жасаш керек. Окмоттун чабалдыгынан пайдаланып жатат Рахмон.

  5. Ошо ойдодогулор биздин область жетекчилериге эле койсо болсок. Озубузго озубуз куйбосок алар жеп кетерлерге барибир. Алардын эмнеге бели оорусун,курсагы ток осабнякта мингени милиондук машине чек араны урганы барбы.Каттуу жазаны бересин, чек араны жабасынбы ачасынбы бутуп деп кызмат берсе област жетекчиге. Иштей албаса сен такыр эч качан эч жерге жетекчи болбойсун деп сектор киргизип салса болсок.

  6. Чектоо киргизсе,болсок. Губернатор болдунбу ушул ушул иштерди бутуросун,сага шанс,эгер эптей албайсынбы анда жетекчиликке укугун жок деп койсо. Жетекчиликке конуккондор олтура албайт аткармак же омур бою уйдо олтурмак. Буга оюнар кандай. Область жетекчи кылганы менен устурттон терип чектоо менен башкарып олтурсалар. Анда эмне кереги бар. Мына жакшы эле камаздарды токтото бащтады деп уктук эле азыр токтоду ал жумуш деп угуп жатабыз.себебин айтсалар ар бир КамАЗ ар бир чондордуку экеен деп жаткан имиш.эми эмне болот. Тарс Тарс чек араны Жабып салып эки тараптын обл.жетекчилери эле бул мага каращтуу область мен озум чечем деп салса соонун болоор эле.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь