Бишкекте эки киши бөтөлкөлөшүнүн башын кесип ыргытып жиберишкен

587

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

2-май күнү 29 жаштагы А.Ы.у. жана 30 жаштагы Ж.М.у. каза болгон адам менен бирге спирттик ичимдик ичишкен. Алардын ортосунда уруш чыгып кетип, натыйжада шектүүлөр бөтөлкөлөшүн өлтүрүшкөн.

Кылмыш изин жашыруу максатында, маркумдун башын кесип ыргытып жиберишкен. Милиция кылмышка шектүү делген эки жаранды тең кармап, алар СИЗО-1ге киргизилди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин дененин кесилген бөлүгү табыла элек.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь