Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын элчисин чакыртып нааразылык нотасын тапшырды

1 830

Бүгүн 9-майда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылды.

Тажик дипломатына кыргыз тараптын нааразычылыгын билдирген Нота тапшырылды. Анда Тажикстан тарап кыргызстандык аскер кызматкерлерине жана жарандарына гранатометтон ок чыгарып, натыйжада чек ара кызматынын үч аскери жана Кыргызстандын бир жай тургуну жарадар болгону айтылат. 

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруксуздаштырууга алып келген тажик аскер кызматкерлеринин жана жарандарынын ачыктан-ачык кыйратуучу жана чагымчыл аракеттерине байланыштуу тынчсыздануусу билдирилди.

Тажик тараптын мыйзамга каршы аракеттери элдин биримдигин, тынчтыгын жана бейпилдигин сактоону символдоштурган Улуу Жеңиш күнүнүн алдында жана ыйык Рамазан айында болгону өтө өкүнүчтүү факт экендиги белгиленди.

Кыргыз тарап чек ара аймактарындагы кырдаалдын курчушу үчүн бардык жоопкерчиликти тажик тарапка толугу менен жүктөйт жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн тез арада чараларды көрүүнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылат.

 

 

Комментарии

  1. Тажиктер менен Бир жолу мамилени узуш керек,канча адам жабыр тартты тажиктерге,биздин депутаттар контрольная деген куйуучу майлар биздин чондор депуттаттардын бизнеси, жонокой адамдар килейген машинада чек атадан ото алышпайт.

  2. Жанагы ортоп жиберген Апанын уйун , бийлик срочно жаны уй салып бериш керек!!! Жанына даагы 10 (он) уйлорду салынышын талап кылам!!!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь