Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.
Маалыматка ылайык, 8-майда КР Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы, полковник Абдикарим Алимбаев менен Тажик Республикасынын чек ара мекемесинин (ведомствосунун) башкы штабынын башчысы генерал-майор Хикматулло Пираков телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ок атууну токтотууну жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнү макулдашышты.
Андан кийин Төрт-Көчө жерлигинде Баткен багыты жана Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда эки тарап чыр-чатак чыккан аймактан кошумча күчтөрдү алып кетүүнү жана ушул жылдын 10-майында эки өлкөнүн областтык администрация, аймактык күч структуралырынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу өткөрүүнү сүйлөшүштү.
Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу.