Бүгүн 9-май саат 08.30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна жөнөп кетти.
“Түн тынч өттү, эки тараптын тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды“, – деп билдирет чек ара кызматынан.
Эске сала кетсек, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынан ок атылган.