Белоруссияда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өтүп жатат. Минскте массалык эл жана ардагерлер аскер парадына күбө болушууда. Кечирээк майрамдык концерт тратууланып, салют атылат.
Беларустун президенти Александр Лукашенко эл алдына чыгып сөз сүйлөп жатып “ушул каардуу дүйнөдө бизди өткөргөнүбүз үчүн айыптаган адамдар чыгат” деди.
“Жыйынтык чыгарууга шашылбагыла, болгондо да бизди – Жеңиштин мураскорлору, белорустарды айыптабагыла. Биздин башка аргабыз же тандообуз жок болду. Биз үчүн курман болгон советтик аскерлер карап турат“,- деп сүйлөдү Лукашенко.