Президенттин куттуктоосундагы “беш жыл” деген сөзгө түшүндүрмө берилди

386

Президенттик аппарат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Жеңиш майрамына карата айткан куттуктоосундагы “беш жыл” деген сөзгө түшүндүрмө берди.

Жээнбеков 8-майдагы куттуктоосунда “Жеңиш күнүн эл беш жыл күткөн” деген өңүттө сүйлөгөн жана тексти president.kg сайтына жарыяланган.

Анын артынан эле социалдык тармакта 1941-1945-жылдардын аралыгындагы согуш төрт жылга созулганы, мамлекет башчы беш жыл деп ката айтканы талкуулана баштаган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы мындай комментарий берди:

9-Май — 1418 күн, же 3 жыл 10 ай бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн” дегенге караганда элдин оозунда айтылып жүргөндөй, 1941-45 календардык жылдар жалпыланып “5 жыл бою күткөн” деп айтылды. Мамлекет башчысынын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктоосун кабыл алып, аталарыбыздын эрдигине таазим этели“.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке быйыл 75 жыл болду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шан-шөөкөтсүз өтөт.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь