Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга нота менен жооп кайтарды

8 573

8-майдагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан чыккан чырга байланыштуу бүгүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков чакыртылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аскер кызматкерлери жана жарандарынын чагымчыл аракетинин натыйжасынан ок атышуу орун алгандыктан, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элчиге нааразычылык нотасын тапшырган.

Анда Кыргыз Республикасынын жараны мылтыктан ок чыгарганы, ага улай кыргыз чек арачыларынын кийинки аракеттери себеп болуп, тажик чек арачылары жооп катары чара көрүүгө мажбур болгондугу айтылат.

Коңшу өлкөнүн жарандары жана аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында Тажикстандын эки жараны оор жаракат алып, учурда ооруканада жатат деп белгиленген.

Тажик тарап чек ара аймактарындагы кырдаалдын курчушу үчүн бардык жоопкерчиликти кыргыз тарапка толугу менен жүктөп жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн тез арада чараларды көрүүнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

Комментарии

  1. Оозду аябай ошол Жерге бетондоп ок чыгарса отура бербегендецй козомол пунктун жазап аскерлерге ок ьийбегендей коргон жазап койсо мынтыктары менен кайтара бермек кузот коюп киргизбей анан сууну бербей койсо соолуп кочуп дагы кетишмек бара бара эминеге мындай стратегиалуу чара Коро алышбайт ? Анткени эки тараптын бийлиги бул ызычууга муктаж ,саясаттан конулду бурууга!

  2. Оозду ачбай ошол Жерге бетондоп ок чыгарса отура бербегендей козомол пунктун жазап аскерлерге ок тийбегендей коргон жазап койсо мынтыктары менен кайтара бермек кузот коюп киргизбей анан сууну бербей койсо соолуп кочуп дагы кетишмек бара бара эминеге мындай стратегиалуу чара Коро алышбайт ? Анткени эки тараптын бийлиги бул ызычууга муктаж ,саясаттан конулду бурууга!

  3. Эмгегин биздин аскерлерди айткан эмес биздин аскерлер жаракат алып атса оозунарды ачып отура бересинерби биз эмнебиз биздин аскелерд атканы учун компенсация толосун ушул Кудай сактасын бири каза болсо алардын уйбулосу бала бакырасын Мамлекет толугу менен мойнуна алабы албайт Калп эле карапайм элди алдабай чонтогунордогу миллион акчанарды чыгарып тоскула жакшы эле алдап келе жатасынар 30 жылдан бери карапайм элди

  4. Баткендеги чек ара проблемасы 20 жылдан бери айтылып келген, эч ким конул бурбай койгон, эми жыйынтыгы чыгып жатат

  5. Уурусу куч болсо ээси доого жыгылат кылыптыр го уятсыздар. Куноо оздорундо экени ачык айкын корунуп турат.Булар сууга тушсо да кургак чыгат суу жукпас уятсыздар.Биздин чондордун эпсиз экенин билет.Ошон учун элге куноону коюп койду.Элчи соорой тилегиниз орундалат деп кайткандыр. Элди басынтып.

  6. Уурусу куч болсо ээси доого жыгылат кылыптыр го уятсыздар. Куноо оздорундо экени ачык айкын корунуп турат.Булар сууга тушсо да кургак чыгат суу жукпас уятсыздар.Биздин чондордун эпсиз экенин билет.Ошон учун элге куноону коюп койду.Элчи соорой тилегиниз орундалат лаппай деп кайткандыр. Элди басынтып.

  7. Бүгүнкү күндө массалык маалыматтан да жеңилип атабыз. Кылгылыкты кылып коюп, бизди күнөлөшүүдө.

  8. Таджиктерди тартипке чакырып койюш оной эле миссалы Кыргыз Республикасы тарабынан отүп жаткан жүк ташучу уналарды башкача айканда бензин ГСМди бир аз токтотуп койсо эле өздөрү милинкий болуп калат биз Тиджикистанга не зависимавыз биз тараптан электр энергиясы сатылат аныда бир аз кантролдоп койсо эле бүттү

  9. Баткен областында болуп жаткан жагымсыз окуялардын аягына чекит коюп, элдин, мамлекеттин, чек аранын бутундугун камсыз кылуу элдин эле колунда. Айтайын дегеним, таразалап, тууганчылыкты, жердешчиликти, уруучулукту токтотуп, жакшы журтбашы шайлап алышыбыз керек. Антпесе азыркы темпте журуп отуруп Мамлекеттуулугубузду жоготуп алуу коркунучундабыз.

  10. Дагы эле кыргыздар актанып бүтө албай жатасыңар, чынында Баткен эли Россияга таандык болуп алса ал жерге албетте тажик, өзбек ж.б ээлик кылат да. Дагы жүрө бергиле Россияда еще гражданство алып, ээси жок эшекти ар ким каалагандай минет да, Баткенде бычакка саптуу эркек жок болсо тажик каалагандай кирет да, дагы Өкмөттү күнөөлөп коюшат.

  11. Кыргыз жоош ,момун калк десе эле унчукпай келе бергендей болуптур да,эмнеге Нотасына нота бербейби биринчиден болуп ,бизден баргандар,нааразычылык билдирип,,Ээрчиме,депутаттар болушту го,,анда эмнеге барды, конкреттүү сүйлөй албаса,качанкыга чейин эле аларга баш ийип жүрө беребиз.Чек ара маселеси өзүбүздүн тойбогон чондорубуздун иши жатат.Алар тойгончо, карапайым калкка кыйын болуп жатпайбы..Эмне кылса да ,бийликтегилер так,аныктап чек араны тосушсун.,бул алардын милдети,,Элдин каарына калбай.Иштей алышпайбы,откорушсун башкаларга,, Мамлекеттик иште иштейсиңби,Эл учун,тың эле болгулачы,сураныч!!!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь