Коомдук транспорттор (троллейбус, автобус, кичи автобус) азырынча ишке киргизилбейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр 11-майдан тарта ишин жандандырууга уруксат берилген бизнес чөйрөлөрүнүн тизмесин жарыялады.
«Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат», – деди Абылгазиев.