Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын жарандары келди

233

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын жарандары келди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты.

Мекенине 177 кыргызстандык учуп келди.

COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Эске сала кетсек, 26-апрелде дагы Дубайдан 178 мекендештерибиз келген.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь