Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 5 миңден ашты

244

Бүгүн, 10-майда саат 09:45ке карата Казакстанда дагы 61 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Нур-Султан (31), Алматы (11) шаарларында, Мангистау (7), Акмола (3), Кызылордо (3), Батыш Казакстан (2), Караганда (2), Жамбыл (1), Атырау (1) облустарында катталды.

Муну менен Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 5036 адамга жетти. Анын ичинен Алматы шаарында 1571 учур, Нур-Султан шаарында 1049 учур тастыкталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь