10-майга караган түнү өлкө боюнча коменданттык сааттын эрежелерин 109 адам бузган. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Анын ичинен:
– Бишкек ш. – 106;
– Ош ш. – 1;
– Жалал-Абад ш. – 2.
Эскерте кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу үчүн 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилген.