Бүгүн, 10-майга карата Кыргызстанда дагы 71 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 1002 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 4 313 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1205 адам жатат.
Акыркы сутка ичинде 1 488 изилдөө жүргүзүлдү.