Министрлик: Ок тийген аскер кызматкери каза болду деген маалымат жалган

1 659

“Ок жеген аскер кызматкери каза болду” деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 10-майда “Элдик медиага” саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон жоокер Улуттук госпиталга которулду. Бүгүнкү күндө чек арачынын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Ал эми калган эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүндө жатат, алардын абалы канааттандырарлык. Бардык ок тийген аскерлер дарыгерлердин көзөмөлүндө жана тийиштүү дарылануу алып жаткандарын министрликтен баса белгиледи. 

Белгилей кетсек, Фейсбук социалдык тармагында айрым колдонуучулардын жоокердин каза болгондугуна байланыштуу жакындарына көңүл айткан билдирүүлөрү чыккан.

 

Комментарии

  1. Оозунарга май.!Тируу эле болсун!
    Бирок эмне болгон кундо да Окмот баардыгына силер жооптуу болосунар!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь