Эми бул бала жокчулуктун символуна айланабы? (Сүрөт)

942

Дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салган “Коронавирус” илдети Кыргызстанга да өз залакасын тийгизди. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн тартып, ушундай күндө тикесинен тик турган даарыгерлер менен милиция кызматкерлерине, муктаж үй-бүлөөлөргө жардам берүүнү каалагандар өз ара же топтошуп алып кайрымдуулук иш-чараларды тынымсыз өткөрүп келүүдө. Мунун баарын кыргыз эли, дүйнөлүк коомчулук ошол эле соцтармактар, ЖМКлар аркылуу көрүп, өз баасын берүүдө.

Мисалга алсак ошол эле соцтармактарда жарыяланган кайрымдуулук иштерин айрымдар колдошсо кээ бирлер муну “популисттик иш-аракеттер” деп ой-пикирлерин билдирүүдө.

Алсак, кечээ 10-май күнү Илгиз Султанов аттуу фейсбук колдонуучусу өз баракчасына “Элден элге” аттуу кайрымдуулук иштеринин натыйжасы катары Бишкектеги Алтын-Казык конушунун жашоочуларына бекер нан таратылганын маалымдап жана нан көтөрүп турган жарым жылаңач баланын бетин жашырбастан интернетке жарыялаганы коомчулукта чоң талкууга түштү. Себеби, бул жерде эң биринчи кезекте ошол баланын укугу сакталбаса, экинчиден өлкөнүн “статусу” эл аралык аренада түшүп жатат дейт фейсбук колдонуучулары.


Кийинчерээк Илгиз Султанов сүрөттөрдү фейсбук баракчасына балдардын жүздөрүн жашырып туруп кайрадан жүктөгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь