Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.
2020-жылдын 11-майынан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:
Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
• микрофинансылык уюмдар;
• камсыздандыруу компаниялары;
• ломбард;
• акча алмаштыруу пункттары;
• кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
• туристтик агенттиктер;
• адвокаттык кызматтар;
• басма кызматтары.
Калкты тейлөө кызматтарынан:
• сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
• тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
• химтазалоо.
Соода чөйрөсүнөн:
• курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
• автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
• тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
• автосалондор – авторыноктордон сырткары.
Массалык маалымат каражаттары.