Үсөнбаев: Соль-Илецктен келген мигранттар обсервациядан качып кетүү аракеттерин жасашты

425

“Соль-Илецктен алынып келинген жарандардын арасында карантиндик тартиптин талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүү учурлары да катталды. Жаман сөздөрдү айтып, медиктерди жөөлөп, туура эмес жагдайлар болду. Ошондуктан тартипке келтириш үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, – саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Ал ошондой эле качып кетүү аракеттери жокко чыгарылып, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Бүгүн 10-майда Соль-Илецктен келген 55 мекендештен коронавирус табылды.

Эске салсак, 7-майда бир айдан ашык Казакстандын чек арасынан өтө албай кармалып турган 541 мекендеш автобус менен Бишкекке алып келинген.

Соль-Илецкиден борбор калаага чейин төрт күн жол жүрүшкөн. Автобуста тыгыз контакт болуп бири-бирине жугузуп алышкан. Жуктургандардын 40ы эркек, 15и аял.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь