Бүгүн, 10-майда жеңил салмактагы убактылуу чемпиондук кур үчүн мушкер Жастин Гэтжи менен Тони Фергюсондун беттеши болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Акыркы раундда ал атаандашына бир нече жолу так сокку уруп, калыстар беттешти токтотушкан. Беттештин жыйынтыгы менен Гэтжи женүүчү болду.
Турнирдин алдында UFCнин президенти Дана Уайт бул турнирдин жеңүүчүсү Хабиб Нурмагомедов менен беттешерин билдирген.
«UFC 249» турниринин алкагында өткөн беттеш АКШнын Жексонвилль шаарында өттү.